Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына Каракол абамайданы жаңыдан курулуп жатканын жарыялады. Айтымында, андан тышкары Нарын, Казарман, Кербен жана Талас аэропорттору оңдоодон өтөт.
"Каракол аэропорту жаңы салынып жатат. Иш кызуу жүрүүдө. Кудай буюрса июнь айында ишке берилет. Эл аралык аэропорт болот. Бул аэропорт бүтөөрү менен Нарын, Казарман, Кербен, Чаткал, Талас аэропорттору оңдоодон өтөт. Ички аба каттамдарды активдүү учурабыз. Жакында эки учак келет", - деп жазды мамлекет башчы.