Печать
Категория: Коом
Просмотров: 263

Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин жана депутаттардын 2021-жыл боюнча декларациясын жарыялады. 

Депутат Искендер Матраимов 2021-жылы 3 миллион 784 миң сом киреше тапкан. Карамагында «Тойта Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү автоунаасы, эмеректер, тиричилик техникалары, компьютерлер жана жылкылар бар. Ал эми кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. 

Ал эми жакындары бир жылда 9 миллион 600 миң сом табышкан. Алардын менчигинде 176 чарчы метр аянттагы батир, жер тилкелери жана башка кыймылсыз мүлктөр бар. Андан тышкары бир автоунаа алардын наамына катталган.