Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу балдарды онлайн окууга жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 11-январдан тартып аба ырайы кескин өзгөрүп, анамолдуу суук болушу күтүлүп жатканын кабарлаган.
Мындан улам соцтармактын айрым колдонуучулары орто мектептердин башталгыч класстарын онлайн окууга өткөрө турууну сунуштап башташкан.
2022-жылдын 14-декабрынан 28-декабрына чейин өлкө аймагындагы орто мектептер онлайн окушкан. Кышкы каникул 11-январда соңуна чыгат.