Мамлекеттик салык кызматы тараткан 2021-жыл боюнча аткаминерлердин декларациясында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев бир жылдагы кирешесин көрсөткөн. 

Ал бир жылда 939,5 миң сом иштеп жатканын белгилеген. Бөкөнтаевдин менчигинде 49,4 жана 66,4 чарчы метрлик аянттагы эки үйү бар, ошондой эле, 206 чарчы метр аянттагы аягына чыга элек курулуш объектисин, жалпы 4 гектар айыл чарба багытындагы үч жер тилкесин көрсөткөн. Андан тышкары үч автоунаасы бар. Ошондой эле, компаниянын уставдык капиталында 50 пайыз үлүшү дагы бар. 

Ал эми жакындары 2021-жылы 275,7 миң сом иштеп табышкан. Алардын карамагында үч автоунаа бар.