Келерки 2023-2024-окуу жылында Венгрия жана Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн сынактык тандоого катышууга документтерди кабыл алуу 15-январга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда,  Кыргызстандын жарандарына Венгриянын окуу жайларына бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт.

Ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн гранттык орундар берилет.