Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1302

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдагы декларациясын толтурууда мүлкүн жашырып койгон чиновниктердин тизмесин жарыялады. Ага таянсак, депутат Искендер Матраимовдун, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун декларациясы толук толтурулган эмес. Ал эми Марлен Маматалиев менен Жанар Акаевдики такыр эле жок. 

Депутат Чыңгыз Айдарбековдун декларациясына караганда, бир жылда 770 миң сом иштеп таап, анын 515 миңин короткон. Турак жайы жок, бирок жылкылары, койлору, уйлары, алтыны, эмеректери, компьютерлери, аудиотехникасы бар. 

Ал эми анын жакындарынын бир жылда тапкан кирешеси 110 миң сомду түзгөн. Кыймылсыз мүлкү бары-жогу көрсөтүлгөн эмес. Бирок алтындары бар экени жазылган. Андан тышкары аларда дагы мал, фото, видео - аудиотехникалар катталуу.