Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон ымыркайдын ата-энесине көңүл айтты. Ошону менен катар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлеринин кармалышы боюнча пикирин билдирди.
"Биз каза болгон баланын жакындарына көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер дайыма эле медициналык жардам көрсөтө алышпайт, бирок биз ар дайым бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон нерселерди жасайбыз.
Бул окуядан кийин алардын кесиптештеринин көбү жумуштан кетүүнү каалап жатышат. Буга байланыштуу биз бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз. Дарыгердин кесиби эң гумандуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү иш болуп келген жана боло берет, дарыгерлер ар дайым колунан келгендин баарын жасап, улуттун саламаттыгын сактоо үчүн аракет кылышат.
Ошондой эле мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди", - деп билдирет аталган министрлик.
Эске салсак, өткөн жылдын 13-ноябрында ашказаны ооруган ымыркай ооруканага жеткирилген. Бирок ошол жактан каза болуп калган. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин "Медицина же фармацевтика кызматкерлеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы" боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А. 1981-жылы туулган М.К. жана 1995-жылы туулган А.Г.лар кармалып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. Дарыгерлер убактылуу кармоочу жайга, андан соң соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 10-январына чейин СИЗО-1ге камалган.