Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги министрликтин социалдык мекемелеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматка караганда, Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Шопоков шаарындагы үй-бүлө тибиндеги балдар үйү жана Сокулук районунун Маловодный айылында жайгашкан майыптыгы бар адамдар үчүн Сокулук реабилитациялык борбору текшерилди.

Анын жүрүшүндө азык-түлүк кампалары, кызмат алуучулардын жашоо шарты, социалдык мекемелердеги жылуулук жана жер-жерлерде кадрлардын бар экендиги текшерилди.

Текшерүүдө бузуулар аныкталган жок, мекемелер штаттык режимде иштеп жатат.