Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын жарыялады.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары, учурдагы Евразиялык экономикалык комиссиянын министри Арзыбек Кожошев 2021-жылдагы кирешесин 735 миң 760 сом деп көрсөткөн. Менчигинде 1 миллион сомго бааланчу майда мүйүздүү мал, 500 миң сомдук жылкы жана  Lexus автоунаасы бар. Андан тышкары 70,1 чарчы метр аянттагы батири жазылган. 

Ал эми жакындары бир жылда канча киреше тапканы тууралуу маалымат жок. Алардын карамагында 22,9 чарчы метрлик 31 батир бар.