КР УКМК Ош областтык жана Ош шаардык башкы башкармалыгы тарабынан коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө, өзүн атайын кызматтын кызматкери катары тааныштырып, өлкө жетекчилиги менен тааныштыгы бар экенин көрсөтүп, мыйзамсыз иш аракеттерди кылып жүргөн О.А. аттуу Кара-Суу районунун тургунунун өздүгү такталып, сот жообуна тартылды.
УКМК тараткан маалыматка караганда, О.А. атту жарандын психологиялык таасир көрсөтүүсүнүн натыйжасында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери «Б.Э., 0,65 га жерге мамлекеттик сертификатты мыйзамсыз каттаткан жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктын тергөө камак жайына киргизилди.
Бул ишке байланыштуу О.С. аттуу жаран шектүү катары айыпталып, жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында О.С. жашаган жеринен жерди пайдалануу жаатындагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин көрсөткөн материалдар табылып алынды.
Азыркы учурда КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.