2023-жылдын символу – Коен. Бул бейпил, жагымдуу жана позитивдүү жыл. Келе жаткан жыл жашоонун бардык жааттарындагы каршылыктарды жумшартып, өзгөрүүлөрдүн позитивдүү динамикасын орнотот. Астрологдор жыл курулуш жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга ыңгайлуу болоорун эскертишет. Жылдагы бардык жаңычылдыктарды – жаңы иштерди, билим алууну, өзгөрүүнү Коен колдоого алат. Ал эми ар бир жылдыз белгиге Коен эмнелерди тартуулайт?

Кой: иш сапарларынан баш тартпаңыз

2023-жылы  Кой белгисинин алдында төрөлгөндөр жагымдуу өзгөрүүлөргө даярдана берсе болот. Карьера абдан жакшы жолго коюлат. “Койлорду” жумуштагы мыкты жыйынтыктар, карьералык тепкичтен көтөрүлүү жана олуттуу кирешелер күтөт. Айрымдар келе жаткан жылдын экинчи жарымында турак жайын жакшыртууга эң сонун мүмкүнчүлүк алышат. Саякаттоо жана иш сапарлары бир гана канааттануу эмес, материалдык пайда да алып келет. Ошондуктан, башка шаарларга жана өлкөлөргө болгон иш сапарлардан баш тартпаңыз, айрыкча жазында жана күзүндө. Ден соолугуңузда олуттуу көйгөй жаралбайт. Бирок ичеги-карында көйгөйү барлар тамак-ашка көңүл буруусу керек, диета кармоо да ашыкчалык кылбайт. Бойдоктор чыныгы сүйүүгө кабылышат, бул күтүүсүздөн болот.

Букачар: пайдалуу сунуш аласыз

Чыдамкайлуулук, эмгекчилдик, эрктүүлүк жана өжөрлүк – мына ушулар Коен жылында “букачарларга” жардам беришет. Жылдын кожоюну “букачарларга” толтура ийгиликтүү иштерди, кызыктуу долбоорлорду берет, кандай жаңы иш баштабасын ийгилик алар тарапта болот. Жумуш боюнча абдан пайдалуу, маянасы көп сунуш алышат, андан баш тартпоо керек. Бирок “букачарларга” астрологдор ишмердүүлүк чөйрөсүн түп тамырынан алмаштырууну сунушташпайт. Бакыбат жашоосун калыптандыруу үчүн алар ири иштерге киришсе туура болот, так ошолор мыкты киреше алып келишет. Ден соолукка кабатыр болуунун кереги жок. Физикалык форманы гана жакшы сактоого аракеттенүү кажет. Келе жаткан жылы жагымдуу таанышуулар болуп, “букачарларды” чыныгы бактылуулукка жеткирет.

Эгиздер: профессионалдык чөйрөдөгү ийгилик

2023-жылы “эгиздер” олуттуу ийгиликсиздиктен жана көйгөйдөн кача алышат. Жыл абдан жагымдуу жана жашоонун бардык жаатында ийгиликтүү болоорун убадалайт. Майда маселелерди чыдамкайлуулук менен чече алышат. Астрологдор “эгиздерди” негативдүү эмоциядан жана шашылып чечим кабыл алуудан алыс болууга чакырат. Алар бардык таланттарын, билимин колдонушу керек. Чын дилден сүйлөшүү эмгек жамааттагы пикирлештерди табууга, а жетекчилик менен жакшы мамиле карьерасын өстүрүүгө жардам берет. Үй-бүлөлүү “эгиздер” келе жаткан жыл бою тиричилик маселелерине  убакыт коротушат. Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт, бирок алар олуттуу мамилеге айланбайт. Ден соолук жаатында баары жакшы, бирок өзүнө кам көрүүнү унутпашы керек. Туура тамактанып, өз убагында жетиштүү уктоону адатка айлантуу кажет.
 

Бөйөн: активдүү иштин убагы

2023-жыл “бөйөндөр” үчүн жаман жыл болбойт. Ийгилик жыл бою коштоп жүрөт, олуттуу маселелер жаралбайт. Капчык кампаят, карьерада ийгилик болот, сүйүүлөр бекемделет. Коен жылы – активдүү иштин жылы, бул жылы “бөйөндөр” өзүнүн болгон потенциалын толугу менен ачып, жаңы идея жана пландарга байыйт. Алардын эмгекчилдиги материалдык бакыбаттуулукка алып келет. Бул жылдыз белгинин алдында төрөлгөндөр келе жаткан жылы ири сатып алууларды жүргүзүшү ыктымал, ошондой эле инвестициялык иштери ийгиликтүү аяктайт. Бул жылы ден соолукка олуттуу кам көрүүгө туура келет, таза абада көп сейилдеп, активдүү жашоо образын кармануу зарыл. Бойдок “бөйөндөр” сүйүүсүн жолуктурушат жана ал үйлөнүү тойго айланат.

Арстан: билим алууга жагымдуу жыл

“Арстандарга” келе жаткан жылы бактылуу жана ийгиликтүү болуу үчүн күрөшүүгө туура келет. Бул белгинин алдында төрөлгөндөр жолдуулукка ишенбеши керек, максатына жетишүү үчүн бел чечпей эмгектенүүгө туура келет. Бул профессионалдык тармакка, бизнеске жана билим алууга да таандык. 2023-жыл алар үчүн жаңычылдыктарды  үйрөнүүгө, билим алууга ыңгайлуу болот. Карьерага басым жасаган “арстандар” жаңы жылда дагы бир тепкич өйдөгө көтөрүлүшөт жана татыктуу ийгилигине канааттанышат. Каржы маселеси жана ден соолук олуттуу көйгөй жаратпайт. Болгону кайсы тармакта болбосун көбүрөөк активдүүлүктү көрсөтүү керек, ошондо көңүл чордонунда жүрүшөт. Никеге турууга, балалуу болууга жагымдуу жыл.

Бийкеч: мээнет жыйынтыкка жеткирет

Коен жылы “бийкечтерге” жыл бою жагымдуу жаңылыктарды жаратып турууну убадалайт. Келе жаткан жылы алардын жашоосунда кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Алар үзүрлүү эмгектенишет жана максаттарына жетишет. Бул өз кезегинде каржылык абалын чыңдоого жардам берет. Өзүн өзү өстүрүү жаатында алектенгени пайдалуу болот, анын жемишин тез эле көрүшөт. Жумушу каалаган жыйынтыгын берет, материалдык жактан да абалы жакшырат, бирок бир шарт менен – керексиз сатып алууларды жасап, акчаны жөн салды корото берүүдөн алыс болууга тийиш. Эс алууга көп убакыт коротуу маанилүү. Мамилелерде гармония жана түшүнүүчүлүк орун алат. 

Тараза: динамикалуу ишмердүүлүк

Жылдыздар “таразаларга” 2023-жылы бир топ ачык, коммуникабелдүү жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү болууну эскертет. Жакшы, позитивдүү маанай аларга көп эшиктерди ачып, эмгек жамааттагы жакшы мамилелерди баштап алууга, өнөктөштөр менен байланышты күчөтүү жана пайдалуу тааныштарды табууга көмөк көрсөтөт. 2023-жыл бир топ энергиялуу атмосферада өтөт, окуялар калейдоскоптогу картинкалардай эле тез-тез алмашат. “Таразалар” мындай бат алмашууларга даяр болушу керек. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо, өзүнүн жакшы жактарын айланадагыларга көрсөтүүгө умтулуу зарыл. Каржылык абалдын кандай болушу пайдалуу тааныштарды канчалык деңгээлде табат – ошого байланыштуу. Кесиптеги ишмердүүлүк салмактуу киреше алып келет, жеке ишкерчилик менен алектенүү ийгилик жаратат. “Таразалар” үчүн сүйүүгө жана романтикага толгон жыл болот. “Таразаларга” 2023-жыл жыл толугу менен сүйүү жана романтика тартуулайт, бул убакта бир топ активдүү жана демилгелүү болуу зарыл. Башкача айтканда, мамилелердин өнүгүшүн өз колуна алышы керек. Ден соолук жааты туруктуу. Бирок убагында эс алып, кубатын калыбына келтирип турбаса, суук тийип ооруй бериши мүмкүн.

Чаян: бизнестеги ийгилик

Коен жылы “чаяндар” өз күчүнө гана ишенбесе болбойт. Ар тараптуу чечимдерди туура кабыл алышы шарт. Жылдыздар бет алган жолунан кайра кайтпоого, жаңы тааныштарды абайлап күтүүгө кеңеш берет. Кесиптик ишмердүүлүгү жемиштүү, бирок ошол эле убакта бейтынч болот. Кээде жагымсыз окуяларга туш болушат, ал убакта шашылыш чечим чыгарбашы керек. Жаңы кесипке ээ болуунун, билим алуунун жана квалификацияны өстүрүүнүн жылы. Материалдык планда жыл абдан ийгиликтүү болот. “Чаяндарды” бизнесте ийгилик күтөт, кирешеси көбөйөт. Сүйүү жаатында абал анча жакшы эмес. Жакын адамдарына бир топ мээримдүү, жумшак мамиле кылуулары керек. Бойдок “чаяндар” жаңы таанышууларга туш болушат, бирок мамиле бекемделбейт.

 Жаачы: биринчи орунда туугандык мамиле

“Жаачылар” 2023-жылдын башынан тартып ийгилик тилкесине киришет. Биринчи орунга бул жылы туугандар арасындагы мамилени коюшу шарт. Үй-бүлөлүк бизнестен жаман эмес киреше түшөт. Келе жаткан жылы өтө көп маанилүү маселелерди чечишет. Көпчүлүк “чаяндар” үчүн чыныгы бурулуштун жылы болот. Каржылык абалы жакшырып, ири сатып алууларды жасашып, мыкты эс алууларды өткөрүшөт. Бирок алыскы сапарларда абдан этият болуп, документтерин, кагаздарын, капчыктарын жана кредиттик карталарын бекем сакташын жылдыздар эскертет. Ден соолугу олуттуу көйгөйлөрдү жаратпайт. Никедеги “чаяндардын” мамилеси бекемделсе, бойдоктор сүйүүсүнө жолугушат.


Текечер: саякатка даярданыңыз

Жылдыздар “текечерлерге” эмитеден эле чоң чемодан сатып алып кое берүүнү сунуштайт. Келе жаткан жылда саякаттоо башкы орунга чыгат. Менчик турак жайы бар “чаяндар” оңдоо иштери менен алектенишет. А калгандары кыймылсыз мүлк сатып алуулары мүмкүн. 2023-жылы көп маселелерди чечүүгө туура келгени менен бул белгинин акылдуу жана чыдамкай өкүлдөрү бардык көйгөйлөрдү жеңип чыгышат. Жылдын башы жайбаракат башталганы менен февралдан тартып ишке активдүү киришүүгө туура келет. Бирок материалдык абал жай мезгилине барып гана турукташат, сабырдуулук жана эмгекчилдиги эки эсе акталат. Туура тамактануу көңүл буруу керек. Сүйүү фронтунда эч кандай драма жана өзгөрүүлөр болбойт.

Суу куяр: глобалдуу өзгөрүүлөр

“Суу куярларга” жылдыздар эскертет: 2023-жылга болгон пландарын так жана туура аныктап алышы керек. Планын ишке ашыруу үчүн аларга тынбай эмгектенүүгө туура келет, анан калса эмгек бардык багыттарды камтып, өзүн өзү өстүрүүнү да унутпашы керек. Коен жылы аларга ишмердүүлүгүн алмаштырууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет. Глобалдуу өзгөрүүлөр аларды көнүп калган жашоо образын алмаштырууга, ал турмак принциптерин кайра карап чыгууга түртөт. Материалдык абалы жылдын экинчи жарымында турукташат. Жеке жашоосунда масштабдуу өзгөрүү күтүлбөйт. Жылдыздар дагы бир нерсени эскертишет: жакындарына көбүрөөк көңүл буруу үчүн эс алууларды уюштуруп турганы оң. “Суу куярлар” келе жаткан жылы стресске көп кабылышат, ошондуктан, нерв чыңалуусуна тушугушу мүмкүн. Аны алдын алуу үчүн таза абада көбүрөөк сейилдеп, спорт же йога менен алектенишсин.

Балык: идея ишке ашат

“Балыктардын” жолу ачылды – келе жаткан жыл абдан жагымдуу жыл болот. Болгону жасай турган иштерге көңүл токтотуп, кийинкиге калтырбай дароо аткаруу керек. А көйгөйлөрдүн баарын бир учурда чечүүгө умтулбоо зарыл, ар биринин өз убактысы бар. “Балыктар” Коен жылында энергияга, позитивге жана жаңы ачылыштарга бай болушат. Идеяларын ийгиликтүү ишке ашырышат. Жумуштагы жана бизнестеги ийгилик материалдык бакыбаттуулукка жеткирет. Кирешенин көбөйүшүнө туугандары жана достору себепчи болушат, ошондуктан, жылдыздар алардын кеңешине кулак сала жүрүүнү сунуштайт. А сүйүү жааты жумуш жана бизнестеги ийгиликке салыштырганда эч нерсеге арзыбайт. Белгинин бойдок өкүлдөрү кыска убакытка созулган мамилелерге туш болушат. Ал эми никедегилер жакын адамдарына көбүрөөк көңүл бурушу зарыл. Ден соолук жаатында баары туруктуу. Бирок жылдыздар кыймыл аракетти көп кылып, жетиштүү уктоого кеңеш берет.