Печать
Категория: Коом
Просмотров: 388

"Кактус" маалымат агенттигинин карманган багытын профессионалдуу журналистика деп атоого болбойт. 

Журналисттин биринчи эрежеси - бейтарап жана калыс болуу. Ооба, журналист дагы адам, аны дагы эмоция бийлеп алышы ыктымал. Ага кайсы бир нерсе жагышы, кайсы бир нерсе жакпашы мүмкүн. Мисалы, кайсы бир саясатчы такыр эле жакпайт. Же президент... 

Эгер журналист профессионал болсо, ал дайыма өзүнүн симпатиясы менен антипатиясынын себебин түшүндүрүп бере алат. Мисалы, президент өлкөсүнө эч кандай камкордук көрбөгөнү үчүн жакпайт, анткени, ал президенттик статусуна жамынып алып, коррупцияга батты, ар кандай кир иштерди жасап жатат. Мындай учурда журналист таза иштебеген саясий ишмерди сындоого толук укуктуу. 

"Кактустун" журналисттери кыязы, так ушундай кылып жатышканына толук ишенишсе керек. Аларга өз убагында эч ким акыйкат жана конструктивдүү сын менен жөн гана жалаа жаап, эптеп эле жаманатты кылуунун айырмасы асман менен жердей экенин айтпаса керек. Президентке терс мамилелерин анын курткасы же спорттук костюмунун баасын талкууга коюу менен чыгарып жатышат. "Ай, Моська! Анын күчтүүлүгүн пилге үргөнүнөн эле бил" - деп Крылов дагы ушинтип коңулдан үргөндөр тууралуу жазган. 

Принцип боюнча, баары туура: кактус деген ошон үчүн кактус, олуттуу нерселерди мындай коюп, майда жагымсыз нерселерди алып чыгышы керек. Алар ар бир жолу суудан кургак чыгат, аларга эч ким буйрук бере албайт. А бүгүнкү кылыктары баарынан ашып кеткендей. 

Садыр Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосун микроскоп менен карашып, президент хромакей фонунда куттуктоо сөз сүйлөдү деген жыйынтыкка келишиптир. 

Билбегендер үчүн айтып коелу, хромакей - бул технология: бир тондогу фонду колдонуп фото же видеосъемка жасап, андан соң компьютердик иштеп чыгуунун жардамы менен башка фонго алмаштырып коюуга болот. Башкача айтканда, Садыр Жапаров кактусчулардын байкоосу боюнча, кыргызстандыктарды жылуу жерде отуруп алып куттуктаган дагы, эфирге Баткенден куттуктоо жолдогонсуп чыккан. 

Эгерде ушундай болгон учурда дагы куттуктоонун маанисине көңүл буруу керек эле. Президент эмнени туура айтты, эмнени анчалык туура айта албады - мына, ушуга токтолушса болмок. Кайсы айтканына макул эмес, кайсы билдирүүсү ишендирбейт, күмөн ойду жаратат. Президенттик администрациясы "Кактус" менен такташып, Баткенде тартылган съемканын процессин көрсөтүп, далилдөөгө аракеттеништин деле кажети жок болчу. "Кактус" үчүн бул өтө чоң сый болуп кетет. 

Бирок администрация түшүндүрүүнү туура деп тапты. Садыр Жапаров чындап эле Кыргызстандын эң бир таалылуу чекити болгон Баткенге барган, ошол жактан өлкө жарандарына жаңы жылдык куттуктоосун эки тилде жолдогон. 

"Кактус" сайты хромакей боюнча "акылдуу" иликтөөсүнөн кийин "Редакция такталбаган маалыматты жарыялаганы үчүн кечирим сурайт", - деген билдирүү чыгарды. Дагы канча жолу калп маалыматтарды чыгарып, өздөрүн өздөрү ылдыйга тартышат?! Кийинки жолкуда кечирим суроо менен кутулуп кетишпейт. Сот аркылуу актанууга туура келет. 

Андан соң сөз эркиндиги деп кыйкырып башташат. 

 Булак: vb.kg