Жаңы жылдык майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Анда айтылгандай, тазалык жана тартипти "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 7 атайын техникасы менен 60 кызматкери камсыздашкан.

Жаңы жыл түнү жалпысынан шаардын көчөлөрү тазалоого 42 атайын техника жана 500 кызматкер тартылган.