Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

"Кактус медиа" сайты президент Садыр Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосу монтаждалганын жазып чыкты. Редакция президенттин куттуктоосу Баткен шаарында тартылганын калпка чыгарган. Буга байланыштуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу аталган сайтка кайрылуу жолдоду. 

"Урматтуу Кактус медиа редакциясы!

Маалыматты тактабай туруп, ишенимдүү калп айтып, коомчулуктун башын айлантып жатасыздар. Силердин жалган маалыматка жарандардын бир бөлүгү ишенип алышы мүмкүн.

Бул силер тараптан коомчулукка, окурмандарыңарга болгон жоопкерчиликсиз мамиле. Кыргызстан сөз эркиндиги бар өлкө. Тилекке каршы айрымдар ал эркиндикти кыянаттык менен пайдаланып, атайылап адаштырып, жоопкерчиликти унутта калтырууда.

Ушундай калпты таратып, элдин башын айлантып, жоопкерчиликке тартылып баштаганда дароо "сөз эркиндигине басым" деп чыгасыздар. Же сөз эркиндиги деп эле жалган маалымат тарата берсе болобу?

Ар бир ЖМКда маалыматтын чын-жалганын тактап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз сөз кылып жаткан басылма аны ойлонгон да эмес окшойт.

Дайыма айтып келем, сөз эркиндиги калп айтуу эмес, бул эң биринчи кезекте коомчулук алдындагы жоопкерчилик", - деп жазды Султанбаев.