Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун 25-декабрда криминалдык авторитет Камчы Асанбек менен жолугушканын четке каккан билдирүүсүнөн улам УКМК төмөнкүлөрдү белгилейт: 

"Тийиштүү кылмыш ишинин алкагында бир катар тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, ЖК депутат Өмүрбек Бакиров  криминалдык авторитет Камчы Асанбек менен жолугушканы аныкталды. Аны К.Асанбек сурак учурунда тастыктаган. 

Ошентип, Өмүрбек Бакиров маалыматты төгүнгө чыгаруу менен коомчулукту атайылап адаштырууда. 

УКМК коомчулукту кырдаалды туура баалап, Бакировдун популисттик билдирүүлөрүнө ишенбөөгө чакырат".