Кармалган саясатчы, активисттердин арасынан ачкачылык жарыялагандардын дээрлик баары бул акциясын токтотушту. Бул тууралуу аза аткаруу кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 17 адам болчу, бүгүнкү күнгө карата алардын 16сы ачкачылыгын токтотту.
Эки апта мурда ачкачылык жарыялагандардын жакындары кечээ кайрылуу таратып, аларды "саясий туткун" деп аташкан жана айрымдарынын абалы канааттандырарлык болсо, кээ бирлериники оорлоп кеткенин, алар өз алдынча баса албай калганын билдиришкен. Президентке жана башка мамлекеттик органдарга кайрылганы менен майнап чыкпаганын белгилеп, камактагы жакындарын акциясын тез арада токтотууга үндөшкөн, себеби алардын ден соолугу үчүн кабатыр болуп жатканын айтышкан.
Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.