Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 27-декабрда башаламандык уюштурууга шектелип кармалган активисттердин бөгөт чарасын карады. Саат 12:20га карата атайын кызматтын мурдагы төрөгасы Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчылар Кубанычбек Кадыров жана Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы каралып, баары тең камакта калды.
Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун аларды келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу тууралуу чечимин өзгөртүүдөн, жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.
Бүгүн эртең менен шаардык сот алты кишини абакта калтырган.
Алар: Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдакматов, Али Шабдан жана Илгиз Шаменов. Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды.
Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер,