Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү 2022-жылдын 23-декабрынан 27-декабрына чейин Ош шаарында алдыда өтүүчү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.
Иш чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.