Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

Бүгүн, 2022-жылдын 27-декабрында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев «Бирге ден соолук» коомдук фондунун алдындагы «Нур+» реабилитациялык борборунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады.

Салтанаттуу иш чарада УКМК башчысы аталган мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң КР УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын жакшыртууга 500 миң акча каражатын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таттууларды, оюнчуктарды тапшырды.

Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги КР УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын аркасы менен 2021-жылы имараттарды ижарага алууга 1 млн сом, 2022-жылы 500 000 сом берилгендигин айтты.

Жыйындын аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.