Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө маданиятты өнүктүрүү жана жайылтуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн жана координациялоонун актуалдуу маселелери талкууланды.