Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 26-декабрда октябрдын соңунда кармалган активисттердин бөгөт чарасы каралды.

Саат 12:00го карата Бектур Асановдун, Равшан Жээнбековдун, Атай Бейшенбектин, Чыңгыз Капаровдун жана Марат Баязовдун бөгөт чарасы каралып, баары тең камакта калтырылды.

Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун аларды келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу тууралуу чечимин өзгөртүүдөн, жактоочулардын аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда бир катар саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер кармалган.  Ички иштер министрлиги камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.