24-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиев Жаңы жыл майрамын утурлай кат менен кайрылган 10 жаштагы Салмандын кыялын орундатты. Бул тууралуу парламенттин сайтында жарыяланды.
Анда айтылгандай, Бишкек шаарындагы мектептердин биринин окуучусу Салман депутатка жазган катында кагаздардан ар кандай нерселерди жасоого кызыгарын жана ноутбук алууну кыялданып акча чогултуп жүргөнүн белгилеген. Муну менен катар ата-энеси жана ини-карындашы тууралуу айтып берген.
Бүгүн депутат Шаирбек Ташиев Салман менен жолугушуп, заманбап ноутбук белекке берди. Окуучуга жакшы тилектерин арнап, келечек ээсин жакшы окууга үндөдү.
"Кыргызстан билим-илимдүү жаштарга ар дайым муктаж. Анткени өлкөбүздүн келечеги силерсиңер",- деди.