Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Кытайдан келген инвесторлор Кыргызстанда санитардык-гигиеналык буюмдарды чыгаруучу завод курууну пландап жатышканын  КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Бүгүн, 26-декабрда агенттиктик директорунун орун басары Нурадил Баясов менен мамлекеттик геологиянын өкүлдөрү ARROW корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Х.Эргешованын көмөгү менен өттү. Ал аталган компания менен бир жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Кытайлык инвесторлордун иш сапарынын максаты ЕАЭБ, Борбордук Азия жана Европанын рынокторун өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда санитардык-техникалык буюмдарды чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүү болуп саналат.

Кытай тараптан ARROW эл аралык кызматташтык департаментинин аймактык директору Женни Пенг катышты.

КЭРдин Улуттук корпоративдик кредиттик маалымат системасынын маалыматы боюнча, товардык белги 2013-жылы катталган, 2022-жылдын августунда компания Шэньчжэнь фондулук биржасына кирип, бир айдын ичинде 200 миллион доллардан ашык каражат чогулта алган. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү 1,5 миллиард долларды түзөт.