Печать
Категория: Коом
Просмотров: 81

КР финансы министринин орун басары Руслан Татиковго мас абалында автоунаа башкарып баратып кармалган. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, орун басар башкарып бараткан унаа 21-декабрдан 22-декабрга караган түнү токтотулган. Наркологиядагы текшерүү анын спирт ичимдигин ичкенин аныктаган.

Мындан улам орун басарга 17,5 миң сом айып салынды жана "Лексус 330" унаасы айып короосуна токтотулду.