Сокулук районунда 42 жаштагы иши өз кызын зордуктоого шектелип жатканын аймактык милициядан билдиришти.
Анда айтылгандай, 24-декабрда 1987-жылы туулган Б.Е. аттуу аял милицияга кайрылып, 23-декабрда таңкы саат 07:00дөр чамасында 1980-жылкы У.Э. аттуу жолдошу Күн-Туудагы үйүндө 2009-жылы туулган кызына күч колдонуп зордуктагандыгын билдирген. Аталган факты катталып, "зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон дагы, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.