Урматтуу окурман!

Жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, быйыл башыбыздан өткөн эң чоң каргашалуу окуяны айтпай кое албадык... Эгемендик алганы башыбыздан мындай кырсык өткөн эмес.

2022-жылдын 16-сентябры кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калат. Тажикстандын болгон эл аралык нормаларды бузуп, жырткычтык менен кол салуусунун кесепетинен 62 адам курман болду. Анын ичинен 40тан ашуун Куралдуу Күчтөрдүн кызматкерлери жана армияда кызмат өтөп жаткан жоокер окко учту… Чек арада жашаган карапайым калктын үйлөрү өрттөндү, эбегейсиз материалдык чыгым тарттык, бирок, эң жаманы – тажиктердин кол салуусунан жүрөктөрдө калган так азыр дагы өчкөн жок. Биз Мекен чегин коргоп каза тапкан жоокерлердин баарын “Эл Баатыры” деп эсептейбиз! Президент С.Жапаров да өз сөзүндө: “Кадырлуу кыргызстандыктар, кылымдарды карыткан кыргыз эли мындай кыйчалыш кырдаалдардын далайын баштан кечирип, биримдиги менен жеңип чыккан улуу эл экенибизди унутпайлы. Мындан ары дагы ошол улуу нарк менен башыбызга кандай гана күн келбесин, баарын жеңип чыгабыз. Биз кыргыз журтчулугу үчүн мааниси терең, Кыргызстанга расмий иш сапарлар менен келген чет өлкөлөрдүн жетекчилери келип урмат кылып, баш ийе турган Ата-Бейитке Баткен чегин коргоп жатып курман болгон баатырларыбызга арнап эстелик-монумент тургузабыз. Бул монументке чек арабызды коргоп жатып курман болгон жоокерлерибиздин бардыгынын ысымдары киргизилет. Ар жылы келип, мамлекет түптөгөн ата-бабаларыбызга, эгемендик үчүн, Мекен чеги үчүн курман болгон жоокерлерибизге таазим кылып, эскерип турабыз. Аларга баатырлар деген наам ыйгарылат. Себеби, бул инсандар кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн жан берип, өз кандары менен тарых жазышты. Ошондуктан алардын урматына ар дайым башыбызды ийип, таазим кылышыбыз абзел. Кийинки муун өз Мекенинин татыктуу, тарыхый атуулдарын билиши керек!”- деп айткан болчу.

Бүгүн биз мына ошол БААТЫРларыбызды эстеп, эрдигин белгилеп коюуну чечтик. Ар бир баатыр жоокердин ысымы жүрөктөрүбүздө бекем сакталат!

Айта кетүүчү нерсе, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экипажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөктөрү “Ата-Бейит” мемориалдык комплесинде жерге берилген. Экипаждын үч мүчөсү жардыруунун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен.

(Сүрөттө Санжар Анаркулов)

Санжар Анаркулов, 26 жашта Санжар Анаркулов кыргыз-тажик чек арасындагы согушта баатырдык жасап, жоокер достору менен танк менен душманды Достук айылынан кубалап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган. Бирок 16-сентябрда душмандын аткылоосунан танк жарылып, Санжар куралдаштары менен ичинде калган. Санжарбектин сөөгү «Ата-Бейит» комплексине коюлду. Эки эжеси, бир агасы бар. Ал Баткен облусунун Баткен районунда 1996-жылы туулган.

Тилек Жаңыбай уулу, 26 жашта Тилек №2053 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жүргөн. Каргашалуу күнү эки жолдошу менен танкада эле. Каршылаштар ок гана эмес, оор жардыруучу куралдарды да колдонуп танк өрттөнүп кеткен. Тилек жана эки куралдашы тирүүлөй күйүп калышкан. Ал 2021-жылы танк биатлонунун жеңүүчүсү болгон. Жоокер 1996-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында туулган.

Марат Ташмырзаев, 22 жашта “Бөрү” атайын аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда көз жумду.

Махаматжан Мапаев, 42 жашта 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын минометунан жаракат алып, көз жумду. Баткен шаарында туулган.

Баяман Акылбек уулу, 35 жашта “Бөрү” атайын отрядынын аскер кызматчысы болгон. 2022-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жатканда курман болду.

Медет Абдумалик уулу, 31 жашта Медет 31 жашында кыргыз-тажик кагылышуусунда каза болду. Ал Баткенде жети жылдан бери кызмат өтөп жаткан. Лейлектин Кулунду айылынын тургуну.

Командир батальона Эламан Ураимов погибший в ходе пограничного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022(Сүрөттө Эламан Ураимов)

Эламан Ураимов, 29 жашта Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон 29 жаштагы баатыр, батальондун командири Эламан Ураимовдун сөөгү Кара-Суу районунун Савай айылында жерге берилген. Жалпы кыргыз эли мекен чегинде жан берген баатырлардын арасында Эламандын эрдиги менен ары сыймыктанып, ары анын ажал алдындагы абалына кейип турган чагы. Эламан Ураимов тажик аскерлеринин курчоосунда калган. Аскерлештерин сактоо максатында жана каршылаштарынын туткунуна түшпөө үчүн өзүн граната менен жардырган. Эламан өзү менен кошо кармашып жаткан тажик тараптын беш-алты аскерин жок кылгандыгы маалым. Ал Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейден жана Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунан билим алган. Маркумдун артында жубайы, бир уул, бир кызы калды. Ош облусунун Савай айылында туулган капитан Ураимов батальондун командири болгон.

Нурсултан Жаныбеков, 27 жашта Кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунда баатырларча курман болгондордун бири Нурсултан Жаныбековдун сөөгү 18-сентябрда өзү туулуп өскөн Нарын районунун Оттук айылында жерге берилди. Мектептин 9-классын аяктаган соң, Агрардык-экономикалык колледжге окууга тапшырган. 92843 аскер бөлүгүндө анык аскердик кызматын өтөп бүткөндөн кийин, УКМКнын Чек ара кызматынын 2025 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Нурсултан Жаныбеков үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болчу.

(Сүрөттө Бектур Ыслам уулу)

Бектур Ыслам уулу, 31 жашта Бектур Ош шаарына караштуу Жапалак айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинен билим алып, 2008-2009-жылдары Жалал-Абадда аскерде кызмат өтөп, андан кийин Чек ара кызматында кызмат өтөгөн. Ал КР Куралдуу Күчтөрдүн катарында Баткендин бардык аймактарында чек арада болуп, соңку жылдарда 2001 аскер бөлүгүнүн Лейлек автожол көзөмөл өткөрүү бекетинде улук көзөмөлдөөчү эле. Бектур Ыслам уулунун артында эки баласы жана 7 айлык кош бойлуу келинчеги калды.

Даниел Малашов, 24 жашта Даниел курман болгондон бир күн мурун ата-энеси менен байланышып, беш күндөн кийин аскердик кызматын аяктап, үйгө кайтаарын айткан. Муну уккан ата-энеси, үйдүн жалгыз эркек баласы болгон Даниелди күтүп алууга кызуу камынып жаткан. Улак тартканды жактыргандыктан, атасы ага жылкы алып даярданган. Бирок Даниел бул күндөрдү көрбөй калды. Ал чек араны коргоп жатып шейит кетти. Сөөгү өзү туулуп өскөн Сузак районунун Кара-Чолок айылында жерге берилди.

Чыңгыз Акчалов, 23 жашта Чыңгыз Талас облусунун Манас-Ата районуна караштуу Бала-Саруу айылында туулган. “Жакында эле ага лейтенант наамын алган. Күздө үйлөнөм деген жакшы тилеги бар болчу”,- деди досу Сыймык Саипов. Бир тууган агасы Чыңгыз Кыргызстандын атынан Россиядагы парадга, Эл аралык танк биатлонуна катышканын айтты. “Сен аскерлериңдин командири, мага үлгүсүң, иним. Атам менен апамдын кулуну, элиңдин баатырысың. Эч качан унутулбайсың. Мекен деп курман болдуң”,- дейт агасы Бекболсун Акчалов.

Айбек Ысманов, 35 жашта Кыргыз-тажик чек ара кагылышында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу Айбек Ысманов ок тийип каза болду. Анын артында үч баласы калды. Айбек 12 жылдан бери ӨКМдин Баткендеги бөлүмүндө кызмат кылып келген. “Бир боорум, буту ооруп жатса да: “Мекенге кызмат кылышым керек!” деп иштеп жүргөн. Аксай элин эвакуация кылып жатып, душмандын огунан каза болду”,- деди иниси Асылбек Ысманов.

Апсамат Жекшенбек уулу, 24 жашта Улук лейтенант А.Жекшенбек уулу АтБашы районунун Терек-Суу айылында туулуп өскөн. Апсаматтын жакындары анын мекенчилдик сезими өтө бийик болгонун айтышат. Анварбек Чортеков атындагы мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, Баткендеги чек арага аскердик кызматын өтөөгө кеткен. Аскер адамы болуу - Апсаматтын бала чагынан берки кыялы эле...

Илимбек Мурзаев, 27 жашта Илимбек Чек ара кызматынын атайын багыттагы “Бөрү” отрядынын прапорщиги болгон. Тажикстандан бастырып кирген бандиттерден Ак-Сай аймагын коргоо учурунда, жанына снаряд түшүп курман болгон. Мурзаев «Бөрү» отрядына чейин Улуттук гвардияда үч жыл кызмат өтөп, андан кийин Бужумдагы аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн. Анын артында бир жаштагы кызы калды.

Нурислам Карыбеков, 19 жашта Нурислам Тажикстандан келген жоочулар кол салган учурда алгачкылардан болуп аларга каршы тургандардын бири. Өзү жарадар болгонуна карабастан, жолдошторунун ыңгайлуу позицияга жайгашуусун камсыздаганын жакындары белгилешет. Анын аскердик кызматынын аякташына бир жума калган, бирок Мекен чегинде эрдик жасап курман болду. Карыбеков Сузак районунун Багыш айыл аймагында туулган. Лейлектеги атайын дайындалган «Бөрү» отрядында кызмат өтөп келген.

(Сүрөттө Айдарбек Айбеков)

Айдарбек Айбеков, 19 жашта Токтогул районунун Камыш-Башы айылында туулган. Мекенди коргоо үчүн өз ыктыяры менен Баткен облусунда аскердик милдетин өтөп жаткан. Ал адегенде алты ай кыргыз-өзбек чек арасындагы тилкеде кызмат өтөп, кийин Баткендеги аскердик бөлүктөргө которулган. Аскерден кайтып келишине саналуу гана күндөр калган болчу...

Шерали Анаркулов, 31 жашта Шерали Анаркулов - тажик тараптын бастырып кирүүсүнөн мекенди коргоо учурунда танкада күйүп кеткен үч жоокердин бири. Ал Баткендеги №2053 чек ара тозотунда иштеп жаткан. Эрдиги тарыхта алтын тамгалар менен жазылып кала турган бул азаматтын сөөгү да «Ата-Бейитке» коюлду

Нурбек Баратов, 19 жашта Кырчындай кезинде өмүрү менен коштошкондордун бири Нурбек Баратов. “Ал Кулунду чек ара заставасында тажик тараптан кол салуу учурунда көз жумду. Нурбектин атаэнеси Россияда иштейт. Алар Москвадан келгенче сөөгү жерге берилип, жалгыз эркек баласына топурак сала албай калышты”,- деди маркумдун аяш атасы.

Жаныбек Якубов, 25 жашта Лейлек районунун Маргун айылында туулган. 17-сентябрга караган түндө Жаныбек Лейлек районунда ок-дары жүктөлгөн аскердик унааны айдап бара жатканда, тажик тараптан атылган миномёттун сыныктары тийип, көз жумган. Жаныбек үйлөнө элек болчу, беш бир туугандын эң кенжеси эле.

Манас Баатырбеков, 27 жашта Кенже сержант Баатырбеков Ак-Сай айылындагы «Головной» суу тосмосу аймагын Тажикстандын аскерлеринен коргоп жатып курман болду. Ага снаряддын сыныктары тийип, ошол жерде шейит кеткен. Ал ИИМдин Ички аскерлеринин кенже сержанты эле, Баткен облусунун Базар-Башы айылында туулган.

Данияр Казакбаев, 24 жашта Данияр үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү эле. Чүйдүн Токмок шаарында туулуп өскөн. Чек ара аскерлеринин прапорщиги. Тажикстандан келген жоо Кыргызстандын аймагына бастырып киргенде, Мекенин коргоодо баатырларча курман болду.

Баатырбек Райымкул уулу, 42 жашта Төрт баланын атасы, Баатырбек Райымкул уулу, «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери болуп кызмат өтөп жаткан. 2014-жылы Ата Мекенди коргоодогу эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган. Маркумдун сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилди.

Ачылбек Ташбеков, 39 жашта ИИМдин Ички аскерлеринин 707 бөлүгүнүн улук сержанты Ачылбек Ташбеков Мекен чегинде кызмат өтөп жатып курман болгондордун катарында. Ал Баткендин Базар-Башы кварталында туулган. Маркумдун артында беш баласы калды.

Мыктыбек Мурзажанов, 23 жашта 16-сентябрда Тажикстандын кол салуусуна каршы туруу учурунда курман болгон Мыктыбек Мурзажанов ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун өзүнчө ротасынын кызматкери болгон. Мектепти аяктаган соң, өз ыктыяры менен аскерде кызмат өтөөгө кеткен. Андан кийин ата-энесине атайын багыттагы полкко кирүү оюн билдирип, алардын макул болбогонуна карабай, бардык тандоо турларынан өтүп кеткен. “Ал өтө мекенчил болчу”- деп эскеришет жакындары. Мыктыбек Баткен облусунун Айдаркен шаарында төрөлгөн, үй-бүлөдө төрт бир туугандын кенжеси эле. Октябрь айында үйлөнүүнү пландап жаткан.

Мирлан Какеев, 34 жашта Мирлан Какеев 2006-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызмат өтөгөн. Маркумдун жакындары «Мекенди коргоо» деген тилеги аны алыскы Баткенге тартып туруп алганын айтышат. 2022-жылдын июнь айында Баткен облусундагы 707 аскер бөлүгүнө келишимдик негизде кызмат өтөөгө которулган. Какеев турмуштун оор сыноосун эрте тарткан. 11 жашында ата-энесинен ажыраган. Үй-бүлөдө жети бир туугандан кенжеси болчу. Артында эки баласы калды. Мирлан Какеевдин сөөгү өзү туулуп өскөн Аламүдүн районунун Константиновка айылында жерге берилди.

Эрлан Турсунбаев, 26 жашта Баткенде чек араны коргоодо баатырларча курман болгон Эрлан Турсунбаевдин сөөгү Токтогул районунун Көтөрмө айылында жерге берилди. Ал 1996-жылы Жайыл районунун Кара-Балта шаарында туулган. 2012-жылы Кара-Балта шаарындагы техникалык институттун экономика жана бухгалтерия кесибине ээ болгон. 2015-2019-жылдары Алматы шаарындагы Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясын аяктаган. 2022-жылы Тамдык чек ара заставасынын башчысы болуп дайындалган. Эрлан Турсунбаев каргашалуу күнү Тамдык чек ара заставасынын өздүк курамын коопсуз жайга чыгаруу үчүн каршылаштар менен аягына чейин аткылашып жатып, душмандын огунан курман болгон.

Пограничник Агадил Канатбеков, погибший в ходе пограничного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022(Сүрөттө Агадил Канатбеков)

Агадил Канатбеков, 23 жашта Чек арада чептей туруп курман болгон Агадил Канатбековдун сөөгү Жети-Өгүз районунун Тосор айылында жерге берилген. Прапорщик А.Канатбеков 9-классты аяктап, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы колледжде «Унаадагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу» адистиги боюнча билим алган. 2018-жылдын октябрында аскер кызматына чакырылып, аны ийгиликтүү өтөп келген. Ушул жылдын март айында Баткен облусунда жайгашкан Чек ара кызматынын 2053 аскер бөлүгүнө келишимдик негизде иштөөгө жөнөтүлгөн. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болчу.

Бекболсун Рысбек уулу, 22 жашта Бекболсун өз ыктыяры менен аскерге кызмат өтөөгө барып, ошол бойдон Баткенде Куралдуу Күчтөрдүн катарында калган. Ал Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Абад айылында туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү эле. Курман болгон жоокердин сөөгү өзү туулуп өскөн айылында жерге берилди.

Айбек Абдилабеков, 29 жашта Баткенде тажик аскерлеринин кол салуусунан, Ички иштер министрлигинин 29 жаштагы кызматкери Айбек Абдилабеков каза болду. Маркумдун артында үч жашар баласы калды. Ал Ички иштер министрлигинин 707 аскер бөлүгүндө катардагы жоокер болгон.

Наркозу Мамасадыков, 21 жашта Наркозу Чек ара кызматынын 2053 атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын прапорщиги болчу. Кадамжай районунун Чечме айылында туулган. Ал Баткенде Ак-Сай айылында Тажикстандан келген жалданма куралчандар менен кармашкан. Куралдуу кармашта жаракат алып, курман болгон.

Алишер Набиев, 22 жашта Алишер Чек ара кызматынын Лейлек районунун Кулунду айылындагы бекетинде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Өзү да аталган айылдын кулуну эле. Ага чейин өз ыктыяры менен аскерде кызмат өтөгөн. Алишер үй-бүлөдө бир туугандардын улуусу эле. Ушул күздө үйлөнөм деген планы бар болчу.

Пограничник КР Мухтарбек Сулайманов погибший в ходе пограничного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022(Сүрөттө Мухтарбек Сулайманов)

Мухтарбек Сулайманов, 25 жашта Мухтарбек мындан туура үч ай мурун үйлөнгөн. Кандуу кагылышта 16-сентябрда Баткендеги Самаркандек айылында ок тийип, облустук ооруканага жеткирилген, бирок эсине келбей каза болгон. Ал Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы аскердик академиясын ийгиликтүү аяктаган. Байланыш взводунун командири болгон. Лейтенанттын сөөгү Алай районунун Гүлчө айылында жерге берилди.

Умарбек Курманбеков, 20 жашта Чек арада Тажикстандан келген жоолордон Мекенди коргоо учурундагы атышууда Базар-Коргон районунун Коткор айылынын кулуну Умарбек Курманбеков да шейит кетти. Анын сөөгү 19-сентябрда жерге берилди. Умарбек 2021-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылган. Кызматын аяктоого болгону үч күн калган эле...

Жеңиш Иманбеков, 22 жашта Жаңжалда курман болгон 22 жаштагы Жеңишбек Иманбек уулунун сөөгү кичи мекени Жумгалдын Миң-Куш айылында жерге берилди. Облустук администрация билдиргендей, ал үй-бүлөдө беш бир тууган. Маркум аскерде 2019-жылы кызмат өтөп, келишимдин негизинде чек арада кызмат өтөп жаткан.

Рашит Бердибаев, 19 жашта Рашит Бердибаев 19 жашында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болду. Ал 16-сентябрда аскердик кызмат мөөнөтү аяктап, үй-бүлөсүнүн жанына кайтмак. Ош облусунун Кадамжай районунда туулган.

Дурус Каныбек уулу, 30 жашта Чек арада чептей туруп курман болгон баатырлардын бири Дурус Каныбек уулу ИИМдин 707 аскер бөлүгүнүн улук сержанты эле.

Амангелди Балыкчиев, 30 жашта Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын аскерлеринин аткылоосунан курман болду. Маркум Чүй облусунун Кемин районунда акыркы сапарга узатылды.

Нургазы Боркошов, 35 жашта 16-сентябрда Баткендин Достук айылында тажик тараптын кол салуусунан чек араны коргоп жатып курман болгон. Артында эки уул, эки кызы калды. Баткен облусунун тургуну.

Рамазан Бактияр уулу, 22 жашта Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болду. Рамазан 2020-жылдан тарта Баткендеги «Достук» чек ара тозотунда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Талас облусунун Манас районунда туулган.

Бекмырза Шарабидин уулу, 26 жашта Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Лейлектеги «Кулунду» чек ара бекетин аткылоодо курман болгон. Бекмырза акыркы эки жылдан бери аталган бекетте кызмат өтөп келген. 2015-жылы Улуттук гвардияда бир жыл кызмат өтөсө, 2016-жылдан бери Чек ара кызматында келишимдик негизде кызмат өтөп келген. Шарабидин уулу 2021-жылы жаз мезгилинде Тажикстан менен болгон куралдуу кагылышууга да катышкан. «Иним үйлөнө элек болчу, быйыл октябрда үйлөнсөм» – деп ниеттенип жаткан. Өткөн жылы иниси үйлөнгөндө баарыбыз топтолгонбуз, ошондо «Мен кызмат кылышым керек» – деп үйлөнбөй кайра кызматка кеткен. Эми анын тоюнда топтолобуз деп турганда бул кайгылуу окуя болду», – деди эжеси Гүлшайыр Абдирасулова. Маркумдун сөөгү өзү-туулуп өскөн Ноокен районунун ЖаңыАрык айылында жерге берилди.

Пограничник Нургазы Мамытов, погибший в ходе пограничного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022(Сүрөттө Нургазы Мамытов)

Нургазы Мамытов, 34 жашта Нургазы Мамытов 15-сентябрда Баткенде чек арадагы Үч-Дөбө айылында кызмат өтөп жатып, тажик снайперинин огунан көз жумган. Баткен облусунун Ак-Татыр айылынын тургуну. 4 кыздын атасы.

Кулатбек Абдисамат уулу, 31 жашта Тажикстандын Кыргызстанга кол салуу учурунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал 16-сентябрда Үч-Дөбө айылында кызмат өтөп жаткан. Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган.

Мирлан Ниязов, 35 жашта 35 жашында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болду. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында туулган.

“МАЙДАН.KG” гезитинин эмгек жамааты чек арада Мекенди коргоп каза болгон бардык БААТЫР жоокерлердин ата-энелерине, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат! Баатыр балдардын эрдиги эч качан унутулбайт!

P.S. Лейтенант Дастан Анарбеков азыр дагы дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. Ал боюнча кошумча маалымат беребиз. P.P.S. Фото-сүрөттөрдү жана маалыматтарды берген КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына, “Аскердик таалим” журналынын жана “Спутник Кыргызстан” порталынын редакцияларына ыраазычылык билдиребиз.

 

Булак: "Майдан.kg" гезити