УКМК органдары тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иш чаралардын натыйжасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо "положенец" катары "Хан" каймана аты менен белгилүү болгон Чигентаев Алмаз Курманбекович (1988 - жылы төрөлгөн, Кочкор районунун тургуну), коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен байланышы жоктугун айтты. Анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен дагы эч кандай мамилеси жок.
Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ошону менен бирге ал мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды.
"Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылыңыздар:
КР УКМК Нарын облусу боюнча Башкармалыгы: 03522 50419; 0700 10-00-05;
КР УКМК Кочкор райондук бөлүмү: 03535-50-386; 0507 88-23-88", - деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.