Печать
Категория: Коом
Просмотров: 359

Калыстык үчүн айталы, бүгүнкү күндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясий эрки, батылдыгы менен канчалаган мыйзамсыз алынган жерлер, мүлктөр маамлекетке кайтарылып, эл үчүн кызмат кыла баштады. Мурдагы бийликтегилер алардын мыйзамсыздыктарын билишсе да билмексен болушуп, көз жумду мамиле кылып келишкен. 

Аз күн мурда УКМК Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген 17,65 гектар жерди мамлекеттин балансына кайтарды. Көрсө, 2008-жылы аталган жерди ыйгарым укуктуу орган мыйзамсыз түрдө каттап, пансионатка өткөрүп берип койгон экен. Бирок жумурткадан кыр издеп, бийликти шыбаганга шылтоо таппай турган айрымдар жерди Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өздөрүнө алып алышкандай жазып атышат. Жок, жер мамлекетке кайтарылды. Маселеге саясий түс берүүнү каалаган айрымдар «Акундун» негиздөөчүсү, ыраматылык Чыныбай Турсунбековдун  тазалыгын, маңдай тер, мээнет менен бизнесин түптөгөндүгүн  жазышууда. Маркумду жер жамандап барбасын, бирок аталган жер пансионатка мыйзамдуу алынганын ким далилдей алат? Кыргызстандагы чоң бизнестин өкүлдөрү кезинде ар кандай мыйзамсыз, шектүү иштерге аралашып келгенин унутпайлы. Ошол эле маркум Чыныбай Турсунбеков «Бишкек ликер арак заводун» ит арзан акчага рейдерлик жол менен тартып алып, бул чуулгандуу иштин негизги фигуранты болгону көпчүлүктүн эсинде болсо керек. «Акун» пансионатынын 17 га жери да ошондой жол менен алынбаганына ким кепилдик бере алат?

Жердин мамлекеттин кайтарылганына эмнеге нааразы болуп атабыз? Дагы кайталайлы, мамлекеттин карамагына өттү. Бул эртең ал жерге мамлекет тарабынан бир нерсе курулуп, ал элге кызмат кылат дегенди билдирет. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер эс алуучу жайга айлансы жаманбы? Өлкө жетекчилиги бул жер боюнча элдин кызыкчылыгындагы чечим кабыл аларынан шек санабайлы. Айрымдарга жаман көрүнүп, душман арттырып атканына карабай мыйзамсыздыкты калыбына келтирип, аталган жерди мамлекетке кайтарып бергени үчүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди көрдөн алып, жерге чаппай, тескерисинче  ырахмат айтышыбыз керек.