Кыргыз саясатындагы «карт бөрүлөрдүн»  бири Адахан Мадумаров тили менен буудай кууруп, оозу менен орок оруп, бирок кылган ишинин  жоктугу менен айырмаланып келсе, эми анын башы популизмден чыкпай калды. Популисттик билдирүүлөрү, демарштары менен элдин көңүлүн бурчу болду.

Буга дейре «Кемпир-Абад Өзбекстанга өтүп кетсе, анда менин күлүмү Кемпир-Абаддын суусуна чачып ийгиле» деп популисттик билдирүү жасаган эле. Макулдашуу эки өлкө тарабынан кабыл алынды, анын жыйынтыгы менен Кыргызстан бир катар утуштарга жетишти. Бирок ал боюнча бир ооз калыс сөзүн айтып койгонго жарабады. Бардык маселенин жаман жагын гана көрүп, жакшыдан да жамандык табуу анын миссиясы экенин дагы бир жолу көрсөтүп койду.

Эми Кемпир-Абад маселесин бетке кармашып, өлкөгө бүлүк салууну, төңкөрүш жасоону каалагандар камакка алынганда ооз ачпаган Адахан Мадумаров партиялашы, соратниги Орозайым Нарматованын ачкачылык кармагандан кийинки акыбалы оорлошкону боюнча агынан жарыла сөз сүйлөп, бийликтин бетине түкүрө турганын айтты. Муну менен Адахан мырза өзүнүн, партиясынын кызыкчылыгын гана көздөй турганын, башкалардын тагдырлары ойлонтпостугун айгинеледи. Болбосо, абактарда канчалаган тагдырлар талкаланып, оор абалда камалып, кармалып жаткандыктары ачуу чындык.  Алар тууралуу ооз ачканга жараган жок. «Кулагым укпаса, көзүм көрбөсө болду. Калганың эмне болсоңор ошо болгула» деген принципти карманып келет. Бийликтин бир бутагынын мүчөсү катары башка бийлик бутагынын  бетине түкүрүп,  аны тааныбай турган болсо, «тойдум баарына…» деп  мандатын тапшырып кетип калбайбы?  Жок, анте албайт. Анткени, бийликтин, мандаттын кулу. Бийликке ач кенедей эле жабышкан көптүн бири. Анан ушундай адамдын бийликке түкүрүп атканы популизмдик эмей эмне?