Печать
Категория: Коом
Просмотров: 216

Бүгүн, 23-декабрда Улуттук тарых музейинде Баткен облусундагы чек ара аймактарында  куралдуу кол салуулардын курмандыктары болушкан  жоокерлерди, мекендештерибизди эскерүү иш чарасы болуп өттү. Алардын элесин, эрдиктерин унутпоого чакырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. 

Иш чарага бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, депутаттар, душман окторунан окко учушкан мекендештерибиздин элестерине таазим кылгысы келген жарандар катышты. 

ЖК депутаты Шаирбек Ташиев бул иш чара боюнча пикирин билдирип жатып, баатырларыбыздын эрдиктерин, мекендин, жерибиздин бүтүндүгү үчүн шейит кеткендердин элестерин эстеп жүрүү керектигин белгиледи.

«Алар өз өмүрлөрүн берип жерибизди коргошту. Чек ара маселесине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурушту. Алар чептен эрдин күчү бек экенин дагы бир жолу ырасташты. Баткендиктер азыркы учурда жергебиздин бүтүндүгү, элибиздин биримдиги үчүн кан жандарын аябаган, мекенчилдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөтүп жатышат.

Эл-жер үчүн өмүрүн аябагандардын арбактарына терең таазим! Баткендиктер  эркин Кыргызстандын калыптанып, өсүп өнүгүүсүнө да эбегейсиз чоң салымдарын кошушууда жана кошо беришет. 

Эгемен кыргыз эли барда шейиттердин ысымдары биздин жүрөктөрүбүздө жашай берет», - деди Шаирбек Ташиев. 

Ал ошондой эле ЖК депутаты катары 1999-2000-жылдары  Баткен окуясына катышкан жоокерлерге макам берүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, ЖК депутаттарынын кароосуна киргизип жатканын айтты.