Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев Баткен облусунун айыл өкмөт башчылары менен жолугушканда, алардын башкы маселеси жер трансформациялоо экени белгилүү болгонун айтты.
Ал майда маселелер чоң маселеге айланып кеткенин белгиледи. Айтымында, айыл өкмөт башчылары жерди трансформациялоо үчүн ар кайсы мекемелерден корутунду чогултуу керектигин билдиришкен. Мисалы, профилдик маморгандардан тилкеде пайдалуу кендердин жоктугу боюнча, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маданий мурас объектилеринин жоктугу боюнча. Бул документтердин баарын чогулткуча убакыт өтөт, а качан жер амнистициясы боюнча комиссияга документтерди тапшырганда, майда каталарды таап чыгышып, кайра артка кайтарышат.
"Каталарды оңдоп барышкандан кийин дагы бир ката таап, кайра артка кайтарышат экен. Баарын башында эле айтышса болбойбу", - деди Ражабалиев.
Депутат бардык корутундуларды бир мекемеден берүүнү сунуштады.
"Баткендеги кырдаал чек арадагы коопсуздук маселеси экени белгилүү. Бул маселе чечилсе ондогон социалдык объектилердин, миңдеген жарандардын турак-жай маселелери да чечилмек", - деп белгиледи депутат.