- Чынара айым, жыл жыйынтыктоо алдында турабыз. 2022-жылдагы кайсы окуя сизди сүйүнттү жана кубантты? Быйыл элдин турмушу жакшы жагына өзгөрдүбү? Жалпы-жонунан бийликтин бул жылдагы иш аракетине кандай баа бересиз?
- "Москва дароо курулган эмес" деген турмуш чындыгы бар. Анын сыңарындай, өткөн жылдарга, өткөн бийлик тушундагы жылдарга салыштырмалуу бул жылы кыйла өзгөрүүлөр бар. Биз мамлекет ичинде болуп жаткан окуялардын жалаң гана жаман жагын айта бербестен, мамлекеттин жасаган жакшы иштерин да алкап, ачык айтып турушубуз керек. Мен акыркы кездерде жакшыны айткандан көпчүлүгү уялып, тартынып калган тенденцияны байкап жүрөм. Бийликтин жакшы иштерин айтсаң эле, "пахтачы" деп, демиңди суутуп, көңүлүңдү түшүргөнгө аракет кылышат. Биз бир мамлекеттин уулдары-кыздарыбыз, өлкөбүз үчүн өзгөрүүлөр болуп жатса, ал дароо көзгө илинет экен, анан мекенибиз үчүн кантип сүйүнбөйсүң? Мен ишкерлик кесибим менен көп мамлекеттерди кыдырдым, алардын ийгиликтерин, өнүккөндөрүн көрүп, "Кыргызстаныбыз качан оңолот болду экен", - деп ичимен далай жолу күйүп, көзүмө жаш алган жылдар болгон. Азыр эми Кудайга шүгүр, президентибиз Садыр Жапаровдун аракети көрүнүп турат. Эки жылда эл үчүн да, мамлекет үчүн да көрүнүктүү иштерди жасай алды. Айлыктар, пенсиялар көтөрүлдү. Калкты турак-жай менен камсыз кылууга ипотекалык программа иштей баштады. Социалдык объектилер чагылгандай тез салынып бүтүп жатат. Мына быйыл 3 айда Бишкек шаарында эле 15 мектеп салынды. Андан сырткары экс-президент Курманбек Бакиевдин үйү жайгашкан жерге эки ай ичинде балдардын реабилитациялык борбору курулуп ачылганы турат. Чолпон-Атадагы балдардын реабилитациялык борбору ишке кирип, быйыл жайында жети облустан беш миңден ашык бала бекер эс алып кетиптир. Дагы ооруканалар салынып, тез жардам машиналары келгени турат. Баткен окуясында жабыр тарткандардын үй-жайы калыбына келтирилип, 300дөн ашуун адамдын кредитин мамлекет өзү төлөп берди. Жакында 90 өрт өчүрүүчү унааны тапшыруу аземи өткөн турат. Эки жылда 2 тик учак, Bayraktar, бир нече аскердик техникаларды сатып алганга үлгүрдүк. Жолдор оңолуп, Балыкчы-Барскоон жолунун жарымы бүтүп калды. Чакан жана ири ГЭСтерди салуу пландары ишке кирди. Ушунун баары мамлекетибиз үчүн чоң жылыш да, мисалы? Анан ушундай чоң иштерди көрмөксөнгө салып, көздү жумуп алып жалаң гана жаманын айтып отура берсек, биз кантип өнүгөбүз? Жакшыны да көрө билген жакшы.
Президентибиз Садыр Жапаровдун эки жылдагы эң негизги чечкиндүү эки ишин кошо кетпесем болбойт. Себеби, бул Кыргызстаныбыз үчүн жаңы ийгиликтердин эшигин ачып отурат. Биринчиси бул - Кумтөр. 300-400 тонна запасы калган Кумтөрдун Кыргызстанга өткөнү мамлекетибиз үчүн эң чоң жемиш болду. Экинчиси, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу чечими кабыл алынгандыгы да чоң эрдик. Себеби, бул долбоор келечекте бизди экономикалык көз карандуулуктан алып чыгат. Жаңы соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Бул - биздин өлкө үчүн өтө жемиштүү долбоор. Азыр өзүңөр байкап жатасыңар, өлкөнүн түндүк бөлүгүн бул долбоорго байлаш үчүн Балыкчыдан баштап Кочкорду көздөй быйыл беш чакырым темир жолу курулуп бүттү. Мына, жакында деңизге чыгуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарынан порт алганыбызды өкмөт башчыбыз Акылбек Жапаров сүйүнчүлөдү, бул да ушул темир жолго байланыштуу долбоор. Мындайча айтканда, биз жалгыз КМШ мамлекеттерин карап отура бербестен, дүйнөлүк рынокко жол салып жатабыз. Муну баары, албетте, алкоого татыйт. Ошондуктан, өлкөбүздүн өнүгүсүү үчүн жасалып жаткан туура кадамдар үчүн президентибиз Садыр Жапаровду колдоп турушубуз керек.
- Саясий, социалдык-экономикалык багытта, келе жаткан 2023 - жыл кандай болот деп ойлойсуз? Сиздин божомол?
- 2023-жылда Жаратканыбыз Кыргызстаныбызга оомат берсин. Азыркы жасалып жаткан иштерден сырткары, дагы далай долбоорлор ишке ашып, элибиздин турмушу жакшы жакка өзгөрсүн деп тилейт элем. Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!