КР УКМК Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Айрыбаз (Марказ) айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу коопсуздук кызматы билдирди.
Айрыбаз айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15 токтому менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 га жер мыйзамсыз трансформацияланган. Ал эми бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.
Ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары кайтарылып алынды, алардын ичинде Айрыбаз айыл аймагына кирбеген башка административдик аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды.
Азыркы учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.