- Меңди эже, кыраакы адамсыз. Бары -жогун байкап турасыз. Жаңы жылга кадам коюу алдында турабыз. Өткөн жыл эмнеси менен эсиңизде калды?

- Башыбыздан 2022- жыл өтүп баратат. Мен саясатчы эмесмин. Бирок саясаттан тышкары да кала албайбыз. Жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштер болуп жатат. Жолдор оңдолду, 15 жаңы мектеп курулду. "Алтын балалык" капиталдык ремонттон өттү. Биздин өлкөгө башка мамлекеттердин башчылары байма бай келишип, ар түркүн тагдыр чечээр отурумдар өтүп жатат. Мунун өзү биздин мамлекетти тааныгандарына айгине. Көп эле жакшы иштер болуп жатат. Аны көрүп, жакшы деп айтышыбыз керек. “Эч нерсе кылбай футбол тээп ойноп жатышат” дегендерге карманча кошулбайм. Президент алгачкы токтомун так ошол адеп - ахлак, нарк- насил, дене тарбия боюнча жарыяланган. Дене тарбияны кытайлардай биринчи орунга коюп, ошо менен аракет кылсак, ден соолуктун саламаттыгын камсыз кылат. Таза ден соолукта таза ой, кыялдар болору шексиз.

Жыл аяктап баратканда  Улуттук Курултайдын өтүшү кызык болду. КТР бир ай бою  Курултай тууралуу көрсөтүүнү берип турду. Баарыңарга белгилүү, Курултай ачык өттү. Ар ким өз оюн  ачык айта алды. Мунун өзү чоң жеңиш.

Көңүл ооруткан окуялар да болуп кетти. Айтылуу Каркыра да кыргыздын мыкты инсандары: сөз атасы Түгөлбай Сыдыкбеков менен театр корифейи Советбек Жумадыловдун мааракелер бир өттү. Бул кимдин идеясы экенин билбейм. Бул эки чыгармачыл адамды кошпош керек эле.

Анан да Библияда айтылгандай, түбөлүк аксиомага айлангандай, адегенде Сөз болгон. Сөз атасы Түгөлбай Сыдыкбеков болгон соң, анын артынан келаткан тирүү жазуучулар барганбыз. Он чактыдай. Бизге да эл катары эт тартылып, ысык чай берилди го. А бирок сахналаштырылган, жип менен калың элден бөлүнүп, жасалга орундуктарга бир да жазуучу кирбей, жаш милиционерлердин кагуусун жеп, тосмодон өтө албай турдук. Акын, жазуучулар  калың элдин алдында уят болдук. Бир маалда министрибиздин башы көрүнө калды. Кыйкырып, чакырып, ыйлагыдай болуп чырылдадык. Анан бизди киргизди.  Жалаң депутаттардын, өздөрү барбай калып кыздарын же тааныштарын жибергенби, ошолордун артында, бош орундарга кыпчылдык. Жазуучу аттууга сөз тийбеди.

Анан да айта турчу нерсе, жалаң Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу түшүнүгү жоктор төктү. Сыдыкбековдун бир чыгармасын кошо алышкан жок. Анан алар 150 миңден байге алышты.

Төкмөлөр менен чатагыбыз жок. Бирок алар акын же жазуучу эмес да! Ошолордон ошондогу сөздөрүн кагазга жазып, окусаң эч маани- маңызы жок.

Ушулбу даңазалуу жазуучунун 110 жылдык мааракесин даңктаганыбыз? Биз эт жегени барганыбыз жок да. Мындан кийин маараке өткөрүүнүн алгылыктуу  жол -жобосун билген адамдарга жаздырып, эл, калем кармагандар менен кеңешип, анан жасаш керек. Бул бир гана менин жеке пикирим эмес, ошондо баргандар да ушинтип ойлошту.

Баткен согушу өтө жаман таасир калтырды. Нечендеген бейкүнөө жаштардын өмүрүн алып кетти. Бул маселе биздин мамлекет башчыларыбыздан өтө кыраакылыкты талап кылат. Эл аралык мамиле өтө  тыкыр, кооптуу, катуу нерсе. Кудай сактаса экен. Бул жолу да кыргыздардын биримдигинин, ынтымагынын күчтүү экенин айгинеледи.

- 2023 – жылга өлкө үчүн кандай тилек айтасыз?

- Эски жыл колдосун, жаңы жыл жалгасын. Аалам тынч болсун, менин мамлекетим тынч болсун, ылайым. Ынтымак менен биримдик баарын чечет тура. Мекенимде ушул эки нерсе болсо, дагы алдыга кете беребиз. Коён жылы келе жатат. Коёндой жеңил, таза, ишеничтүү жыл болот деп божомолдоп жатам. Маданият кызматкерлердин арасында жакшы кеп- сөз жүрүп жатат. “Мамлекет 2023- жылдын бюджетинен маданиятка 100 миллион бөлөт” деген. Демек, мыкты, керектүү китептерди басып чыкканга, сынактан жеңип алып, коюлбай жаткан драмаларды койгонго, кээ бир театрлардын имараттарын оңдогонго каражат болот экен деп кубанып жатабыз. Тынччылык болсо, акыйкаттык, ынтымак болсо, келерки жылдан чоң үмүт кылабыз.