Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева орто мектептердеги жана бала бакчалардагы билим берүүнү үч тилде жүргүзүүнү сунуштады. 

"Билим берүү министрлиги 2023-2030-жылдарга карата бала бакча, мектеп жана университте үч тилде билим берүү боюнча программаны бекитиши керек. Менин бул билдирүүм резонанс жаратышы мүмкүн. Заман ушуну талап кылып жатат. Англис тили  IT-тармагынын тили болуп саналат. Реформа үчүн каражат керектелет, бирок баштап алсак эл аралык уюмдар жардам беришет", - деди Темирбаева. 

Айтымында, англис тилин чет тили катары эмес, үчүнчү тил катары окутуу керек. Кыргызстандын тарыхын кыргыз тилинде, орус тарыхын орус тилинде, ал эми химия, физика, информатиканы англис тилинде окутуу зарыл.