Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

Кыргызстанда коррупцияны токтотуу үчүн анын жаман жактарын, кесепеттерин калк арасына, айрыкча жаштарга сиңирүү керек. Бул тууралуу президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкер кеңешинин жыйынында эксперт Чолпон Койчуманова билдирди. 

Ал жарандык коому күчтүү өлкөлөрдө коррупция аз кездешээрин белгиледи. Аны менен катар жаш балдар үчүн дагы бул жаатта мультфильм тартууну сунуштады. 

"Калктын аң сезимин көтөрүп, окутуу керек. Коррупциянын зыяны тууралуу телеканалдардан, радио жана интернеттен көрсөтүү керек. Ал турмак мультфильм жана тасмаларды да тартууга болот", - деди Койчуманова.