(Сүрөттө Калий Курманбеков)

Улуу бабаларыбыздын каарман эрдиктери менен асыл эмгектери тууралуу кийинки муундар ар кандай адабий чыгармаларды жаратып атат. Талас аймагында жашаган Саруунун Алакчынынан тараган Түйтө хан (18-кылымдын башы) жана анын урпактары ошондой эле, өзүнүн байсалдуу эмгек жана өмүр жолундагы урунттуу окуялар тууралуу коомдук ишмер Калий Курманбеков  кызыктуу баян куруп, “Хан түйтө урпактары” аттуу китеп даярдоодо.  

Курманбеков университетти бүткөндөн кийин Таласта орто мектептерде он жылдай мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп, өмүрүнүн кийинки отуз жылын Кыргыз мамлекеттик университетинде математика сабагынан окутуучу болуп эмгектенип, “Эл агартуунун отличниги” наамына татып, ардактуу эс алууга чыккан. Азыр жашы 88ге чыкса да ар тармактагы илимий жана адабий китептерди көп окуган илим-билими терең инсан жыйнаган көп жылдык арбын тажрыйбасынан кийинки муундарга китеп аркылуу бөлүшкүсү келген.

Түйтө уруусунан өрөөн гана эмес, жамы кыргызга таанымал инсандар чыккан. Совет мезгилинде Мышык Мырзакулов, Абжалбек Ашырбеков, Маткерим Рахманбердиев, Токтобай Иманкулов чарба, айыл кеңештерин башкарышса, Бекболот Доолбеков Киров районун жетектеп, республиканын айыл чарба министринин орн басары болсо, Анатай Жолдошбеков Манас районун жетектеп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Кийинки учурларда Таалайбек Айдаралиев республиканын айыл чарба министри, Улан Сырдыбаев ЖК депутаты, Калима Бекбердиева “Эл агартуунун отличниги”, Айдар Шералиев таанымал кардио хирург, Өмүрзак Төлөбеков белгилүү кино продюсер, Кошой Доолбеков айыл чарба министрлигинин департамент жетекчиси, Кубанычбек Рахманбердиев “Дордой” базарында директор,  Нурлан Сырдыбаев көп тармактуу бизнес түзүмүнүн жетекчиси, Жараш Ашырбеков Астанадагы кыргыздардын кайрымдуулук фондунун төрагасы, Чыңгыз Курманбеков “Азия” банктын директорлор кеңешинин төрага орун басары, Жанболот Султаналиев, Мухтар Токтобеков, Нарбек Осмоналиев элге таанымал  ишкерлер...

             Урмат Шекербек уулу