Кыргызстандын жарандары кылган аракетине жараша мыйзам алдында жооп берет. Аракетинде кылмыштын курамы болсо, ал жазаланат. Кылмыш кылуучулар жаш курагына, жынысына, аял, эркек, кыз же кемпир деп бөлүнбөйт. 

Айтайын дегеним, акыркы күндөрү “Кемпир-Абадды коргоочуларбыз” деп өздөрүн атап алган, түпкү максаты Кыргызстанда баш аламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөгөндөр манипуляция кылып башташты. 

Өзбекстан менен чек арабыз такталып жатканда, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Асия Сасыкбаева, Рита Карасатова, Атай Бейшенбек, Орозайым Нарматова, Клара Сооронкулова, Чынгыз Капаров, Равшан Жээнбеков баштаган топ жалган маалыматтарды таратты. Соцсеттин жардамы менен, элге барып алышып “көчөгө чыккыла, митингге чыккыла, уктап жатпагыла, ойгонгула, козголгула”-деген чакырыктарды кылышты. Бир катар аракеттерди дагы уюштуруп, элге акча таратып көрүштү. 

Мына ушундай аракетинин негизинде камакка алынышкан. Эми, “ак жерден камалдык, аялдарды чыгарсын”-деп жатышат. 

Германияда жакында эле биздикиндей окуя болуп, 25 саясатчысы, активисттери камалды. Арасында кыздар, жаштар, аялдар дагы бар. Биздеги демократияны ээн баштык менен алмаштырып алгандар “адам укугу, сөз эркиндиги кордолуп жатат”-деп актанып жатышпайбы? Так ошол демократия өнүккөн Германияда элдин тынчтыгын бузган 25 адамды камап салды эле, эч ким көчөгө чыгып нааразычылык билдиришкен жок. Мыйзамды сыйлаган жана ага моюн сунган элдер гана өнүгөт. 

Абактагы бет тырмагандар мындан ары түрдүү оюндар менен элдин көңүлүн бургулары келет. Ачкачылык жарыялайт, балким оозун тигет, бетин аймайт, чачын жулат же көкүрөгүн аймалайт. Бул саясий шоу. Эмне кылышпаса дагы, элдин тынчтыгын бузгусу келгендерди мыйзам чегинде чара көрүш керек.