Оору жуккан учурдан тартып башталганга чейин бир күндөн он күнгө чейин созулат.
Бейтап оорунун алгачкы күндөрүнөн тартып башкаларга жугуштуу.
Инфекцияга кабылуу жалпы, бирок 5 жашка чейинки балдар көбүрөөк ооруйт.
Ошондой эле тобокел топко 15-25 жаштагы өспүрүмдөр жана жаштар кирет, бул куракта алар эл көп болгон коомдук жайларда көбүрөөк убакыт өткөрүшөт.
Белгилери:
катуу баш оору, өзгөчө маңдайкы бөлүктө; тамак ичүүгө байланыштуу эмес, жеңилдик алып келбеген кайра-кайра кусуу; дене табынын 39-40°С чейин жогорулашы; чыйрыгуу; ал кетүү; кубаруу; тамактан баш тартуу.
Сиз сөзсүз көңүл бура турган эң коркунучтуу белги - бул исиркектердин пайда болушу.
Алдын алуу:
- бейтап менен байланышпоо, бет каптарды колдонуу, колду кылдат жуу;
- жайларды тез-тез желдетип туруу жана нымдуу тазалоо, денени чыңдоо жана спорт менен алектенүү;
- оорунун күчөтүшү мүмкүн болгон курч жана өнөкөт жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо.
! Эгерде оорунун белгилери пайда болсо, эч кандай учурда өз алдынча дарыланууга болбойт, мүмкүн болушунча тезирээк дарыгерге кайрылуу керек, анткени оорунун олуттуу оорчулуктарга алып келген чагылгандай тез түрлөрү бар.
- Категория: Коом
- Просмотров: 75
Менингит – дарыланбаган курч жана өнөкөт жугуштуу оорулардын кесепети