Печать
Категория: Коом
Просмотров: 65

Саламаттык сактоо министрлиги 20-декабрга карата өлкө аймагында сасык тумоо менен курч респиратордук вирустук инфекциянын 6 миң 558 учуру катталганын билдирди. Буга байланыштуу министрлик мектептердеги карантинди узартып, бала бакчаларды да жабууну сунуштады. 

Балдар арасында оорунун күчөшү 68,7 пайыздан 72,6 пайызга өскөнү. Ошондуктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине мектептеги карантинди 30-декабрга чейин узартып жана  бала бакчаларды дагы ошол күнгө чейин жабуу боюнча кат жиберди.