19-декабрда Өзбекстандын Жогорку соту СССР убагындагы репрессиялардын курмандыгы болгон 173 кишинин кылмыш иштерин карай баштады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, сотко илимий изилдөөлөр маалында Республикалык жумушчу топ аныктаган реабилитациялана элек адамдарды актоо сунушу киргизилген.
Репрессия курмандыктарынын аты-жөнүн түбөлүккө калтыруу боюнча республикалык жумушчу топ Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2020-жылы октябрда кол койгон буйруктун негизинде түзүлгөн. Бул сталиндик репрессиялардын курмандыктарын актоо боюнча Жогорку сотто өтүп жаткан үчүнчү отурум.
Быйыл жыл башында Жогорку соттун төрага орун басары Икрам Муслимовдун катышуусунда алты кылмыш иши каралып, жыйынтыгында кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу 120 киши акталган.
2021-жылы августта Жогорку сот СССР убагында негизсиз айыпталган 115 кишиге карата актоо өкүмүн чыгарган. Алардын арасында өлкөнүн эгемендиги үчүн күрөшкөн кыймылдын лидерлери Иброхимбек Курбаши менен Насирхан Тура да бар экени кабарланган.
2021-жылдын 31-августунда Шавкат Мирзиёев өзбек элинин мыкты өкүлдөрү советтик репрессиялардын курмандыгы болгонун айткан.
"Келечеги кең жетекчилер, окумуштуулар, жазуучулар, дарыгерлер жана педагогдор репрессияланган. Алар биздин элдин мыкты өкүлдөрү болушкан. Эски режимге улуттун көзүн ачып, өз иденттүүлүгүн көрсөтө турган интеллектаулдар керек эмес болгон. Алардын күнөөсү – улуу болгонунда", – деген Мирзиёев.
1937-1953-жылдары өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөшкөн 100 миңден ашык өзбек репрессияланганы айтылып келет. Алардын ичинен 13миңден ашыгы атууга кетип, миңдеген адам сүргүнгө айдалган.