"Бишкектеги аза кызматын көрсөтүү агенттиги" муниципалдык ишкананын директору Төрөхан Жунусбеков шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаевди жана маалымат сайтын сотко берди. Бул тууралуу өзү соцтармактагы баракчасына жазды.
Ал "Атамбаев менен маалымат сайты мафиянын заказын аткарып, негизсиз каралап келгенин" билдирген. Мындан улам, 19-декабрда Биринчи май райондук сотуна кайрылган.
Эске салсак, Кадырбек Атамбаев аталган ишкана мыйзамсыз ири суммадагы акча сурай турганын, бүгүнкү күнгө чейин сөөк коюучу жер сатылып жатканын билдирген.