20-декабрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев курч лимфобластикалык лейкоз деген диагноз менен ооруган Маматкалыев Дайырбектин ата-энеси менен жолугушту.
Бала учурда химиотерапия курсун алып бүттү. Бирок дарыгерлер курч лимфобластикалык лейкозду толук дарылоо үчүн Индиянын “Фортис” клиникасына барышы керектигин сунушташкан. Дарылоо процедураларына каражаттын жетишсиздигинен улам Дайырбектин ата-энеси КР УКМК башчысына жардам сурап кайрылышкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев КР УКМКсы Дайырбектин Индиянын “Фортис” клиникасында текшерилүүсүн жана операциясын каржылоого көмөктөшөрүн белгиледи.