Бир нече күндөн бери бейөкмөт жаатынын өкүлдөрү президенттин Администрациясы тарабынан сунушталган "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна түзөтүү киргизүү демилгесин сынга алып жатат. Айрыкча, түзөтүүлөргө "укук коргоочу" аталып, а иш жүзүндө саясатташкан бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү болгон, көп жылдан бери Мамдептин жана ЕБдин акчасына кенен-кесири жашап көнгөн, анын акысына өз өлкөсүндөгү саясий кайыкты чайпалтууга салымын кошкондор нааразы болушууда.
Алар өздөрүн ар кандай эл аралык өкүлчүлүк катары көрсөтүшөт. Ошондой эле, "жаңы демилгеге тынчсызданышып, ал укук коргоо жаатындагы эл аралык стандартка ылайык келбей турганын" билдиришет. Мындай реакциялары толук түшүнүктүү. Бул мыйзам аларга чындыгында керек эмес. Анткени, азыр уюмдары жана өздөрүнө караштуу ЖМК аркылуу сөз эркиндигинин кысымга алынышы, бийликтин узурпацияланышы, репрессия ж.б. темаларды көтөрүшөт. Сырткы кураторлору эмнени тапшырык кылышса, ошону айтышат.
Салык сырыбы же салыкты жашыруубу?
Бирок мыйзам чыгаруу истериясынын адам укуктарына эч кандай тиешеси жок. Коомго резонанс жаратуу белгилүү максатты көздөйт - кандай гана болбосун салык төлөөдөн жана акыркы бир нече жылдагы кирешесинин текшертүүдөн качуу керек. Ал жерде өтө чоң сумма жатат.
Саясатташкан бейөкмөт уюмдарында акча жаатында көйгөй жоктугун мурдагы бейөкмөтчү, учурдагы Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өткөн жылы билдирген. Айтымында, НПОлор ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жылдарда эч кимди жакын жолотпогон бүтүн династияны орнотуп алышкан. Бул толук негиздүү факт.
"НПОнун ишмердүүлүгү ич ара ачык-айкын, донорлордон келген ар бир тыйын банк эсебине түшөт. Ар бир блокнотко жана баракка ким тарабынан төлөнгөнү жазылат. Өлкөгө бул уюмдар аркылуу миллиарддаган акчалар башка максат үчүн келип түшөт. Бул акчаларды ким бул жакка жөнөтүп жатат, башкы максаты эмне экенин такташ керек. Мен өзүм гранттарга Бишкектен бир нече батирлерди сатып алган бир нече бейөкмөтчүлөрдү билем, болбосо алар бул уюмдарга иштегенге чейин ар кайсы мекемелердин полун жууп жүрүшкөн", - деген Байсалов.
Ал бул "жашыруун" акчалардын бир сому дагы мамлекеттик казынага төлөнбөгөнүн белгилеген.
"Чайпалтууга тыйынбы"?
Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда "укук коргоочулардын" бул кирешелеринин баары ачыкталат, аны менен катар кырдаалды "чайпалтууга" өлкөгө канча каражат келип түшкөнү дагы. Айрым ЖМКларды жана соцтармактагы фейктерди каржылоону эске албаганда.
Ошондуктан, "Смарт Жаран" ассоциациясы, "Общее дело" коомдук фонду, "Жарандык демилгелер" коомдук фонду, "Интербилим" МЦ, "Партнерская группа "Прецедент" ачык коому, "Эркиндик үнү" коомдук фонду сыяктуу так ошол саясатташкан уюмдар көбүрөөк нааразы болуп жатышат. Жакында болуп өткөн жолугушуулардын биринде ал турмак мамлекет тарабынан болуучу текшерүүгө кантип каршы турууну ич ара талкуулашты.
"Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу" мыйзам бейөкмөтчүлөр элди ынандырып жаткандай, "ыңгайсыздарга" карата оюн эмес, мамлекеттин негиздүү талабы. Баса, бейөкмөтчүлөр үлгү алып жаткан европалык өлкөлөрдө жана АКШда мындай уюмдар мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынган, айрыкча, чет өлкөдөн каржылангандар. Эмнегедир ал жакта мындай көзөмөлдү эч ким сөз эркиндигине, адам укугуна басым жасоо катары кабыл албайт.
Мыйзам долбоору туура чечим экенин, а НПОнун кызыкчылыгы өлкө кызыкчылыгына дал келбешин далилдөөчү дагы бир маанилүү нюанс - бейөкмөтчүлөр Министрлер Кабинетине жыл сайын өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин 25-30 пайызы Батыш институттарынын алынган насыяларга, гранттарга, карызга көз каранды экенин эске салып, бир нече мыйзам демилгелерин артка кайтаруу боюнча талап коюуга даяр турушат. Башкача айтканда, кирешелерин коргош үчүн мамлекетти сатууга да даяр. Мына ушундай уюмдар өлкөгө керекпи деген суроого жооп деле айкын болсо керек.
Булак: vb.kg