Депутат Марлен Маматалиев катализатору орнотулбаган автоунаалардын айдоочуларына айыппул салууну сунуштады. Бүгүн депутаттар эреже бузуулар боюнча Кодекске түзөтүүлөрдү киргизүүнү карашууда.
Мамамалиев Бишкекти түтүн каптап жатканынын себеби катары автоунааларды атады.
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин маалыматына караганда, ушул жылдын 1-январына карата өлкөдө 1 миллион 103 миң 445 жеңил автоунаа бар. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, январдан сентябрга чейин тогуз айда Кыргызстанга 25,3 миң автоунаа алынып келинген.
"Транспорт саясаты катаал экологиялык нормаларларга ылайыкталышы керек. Эл аралык талаптарды эске алып, аны натыйжалуу система аркылуу сактоого тийишпиз", - деди Марлен Маматалиев.
Ошондой эле, ал биринчи мамлекеттик каттоодо, кийинки кайра каттоодо, автоунааны каттоодон чыгарууда катализатору жок автоунаалардын ээлерин 20 миң сомго, а компаниядарды 65 миң сомго айыппулга жыгууну сунуштады.