Печать
Категория: Коом
Просмотров: 272

17-декабрда КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин пара талап кылуу фактысы боюнча кармады. Бул укук коргоо органдарынын тутумунда коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизинде болду. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери милициянын сержанты У.Т.З Ысык-Көл облусунун Б.С. аттуу тургунун административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуу жолу менен опузалап 5000 сом алганы аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, андан аркы тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.