Печать
Категория: Коом
Просмотров: 213

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп Темир Сариев шайланганын аталган уюмдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, КР соода-өнөр жай палатасынын жаңы жетекчиси бүгүн кезексиз съездин жүрүшүндө шайланды. Съездде эки маселе каралды: мурдагы президент Марат Шаршекеевдин отставкасы жана анын ордуна жаңы президент шайлоо.

15-декабрда 3 талапкер бекитилген:

1. Темир Сариев — "Кыргызгипрострой" долбоорлоо институтунун башкы директорунун экономикалык маселелер жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, Кыргызстандын экс-премьер-министри;

2. Жодар Сайдилканов — INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси;

3. Авазбек Керимбаев — "Шумкар Логистик Компани" компаниясынын башкы директору.

КР Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү тарабынан экономиканын ар бир тармагынан шайланган делегаттар талапкерлердин бирине добуш бере алышат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эң көп колдоону Темир Сариев алды.

СӨПнын мурдагы президенти Марат Шаршекеев ноябрдын ортосунда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.