Бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатканын президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Bombardier Challenger же Embraer Legacy үлгүсүндөгү учак алынат. Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөргөн. Президент Жапаровдун Катар Мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы акысыз болду", - деди Эрбол Султанбаев.