Печать
Категория: Коом
Просмотров: 226

КР УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жана тергөө амалдарынын негизинде Ош облусунун Ноокат райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн аймактык бөлүмчөсүнүн кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз түрдө акча жыйноо фактылары аныкталган. Бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.  

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ш.С.А. жарандык абалдын күбөлүктөрүн берүү жана чет өлкөлүк жарандарды убактылуу каттоодо каттоо боюнча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жарандардан жыйымдарды туруктуу алып туруу схемасын жетектегени аныкталды.

Учурда КР УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмышкерлерди аныктоо жана жоопко тартуу боюнча тиешелүү иш чаралар улантылууда.