Тариэль Жаныбеков “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директорлугуна дайындалганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Тийиштүү буйрукту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 12-декабрда чыгарган. 

Буга чейин аталган ишкананы Кадырбек Нурмамбетов жетектеп келген. Ал ээлеген кызматынан өз арызы менен кетти.